Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык Рамазан Тянгубер жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду

Жиу-житсу боюнча кыргызстандык спортчулар Таиландда өткөн Азия чемпионатында 3 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Медалдардын бирөө алтын, экөө күмүш.

Алтын байгени Рамазан Тянгубер (69 кг) тагынып, Азия чемпиону аталган. Ал эми күмүштү Янар Сарыбаев (+85 кг) жана Абдусалим Розобаев (52 кг) уткан.

Exit mobile version