Рамис Мамбеталиев: “Тоо-кен тармагындагы келишимдер жөнгө салынат”

Рамис Мамбеталиев: “Тоо-кен тармагындагы келишимдер жөнгө салынат”

“Кыргызстанда өндүрүш жана айыл чарба тармагына басым жасоо менен экономиканын өнүгүүсүнө салым кошсо болот”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев Талас жергесинде болгон үгүт кербенинде айтты.

“Өлкөбүздө мактана тургандай тармак жокко эсе. Нефть, газ сыяктуу байлыктарыбыз да жок. Биз өндүрүшкө, айыл чарбага, билимге, маданиятка көңүл бөлүп, бул тармактарды өнүктүрүшүбүз керек”, — деди талапкер.

Ал партиянын программасында айыл чарба министрлигин оптималдаштыруу, инновацияларды киргизүү, ошондой эле айыл чарба кооперативдерине мамлекеттик колдоо көргөзүү программасын иштеп чыгуу каралганын кошумчалады.

Рамис Мамбеталиев тоо-кен тармагынын абалы тууралуу кеп козгоду.

“Тоо-кен өтө татаал тармак. Аны иштетиш үчүн ири суммадагы акча керек. Инвестиция тартуу көп эмгекти жана убакытты талап кылат. Бирок, инвесторлор менен келишим түзүп иштешкен күндө деле жергиликтүү эл буга нааразы. Буга кен байлыктардын мамлекетке пайдасы тийбегендиги, эл аралык экологиялык нормалардын сакталбагандыгы жана ал жерде иштеген кызматкерлердин эмгек укугу корголбогондугу себеп”, — деди ал.

[su_image_carousel source=»media: 42214,42215,42216″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рамис Мамбеталиев партия шайлоодон ийгиликтүү өтүп калса, биринчи кезекте тоо-кен тармагы элдин пайдасына иштей тургандыгын убада кылды.

“Тоо-кен тармагындагы келишимдер, экологиялык долбоорлор, эмгек мыйзамдары жана ички тартиптер жөнгө салынат”, — деди ал.
Бир Бол! №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 30-сентябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>