Site icon Reporter.kg

Рамиз Алиевден пара опузалоого айыпталган мурдагы прокурорго өкүм чыкты

Бишкек шаарынын вице-мэри, «Тазалык» ишканасынын мурдагы жетекчиси Рамиз Алиевден пара опузалоого шектелген Бишкек шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары Эдилбек Ыдырыс уулуна өкүм чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Соттун өкүмү менен Ыдырыс уулу Кылмыш кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара опузалоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 1,8 млн сом айып салынган. Эдилбек Ыдырыс уулуна өкүм 2-декабрда эле чыккан. Ал тууралуу бүгүн, 9-январда белгилүү болду.

Ушул эле иш боюнча айыпталуучу болгон шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын мурдагы орун басары Абдырашид Жаманкеевге өкүм чыга элек. Соттун 11-декабрдагы чечими менен анын үй камактагы мөөнөтү 21-январга чейин узартылган.

Эскерте кетсек, 2024-жылы октябрда Бишкектин прокуратурасы «Тазалык» ишканасынын жооптуу кызматкерлери күйүүчү майды өз кызыкчылыгында колдонуп, мамлекетке 7 млн сомдон ашык зыян келтирилгени, мыйзам бузуу 2022-2024-жылдары болгону кабарланган.

Көп өтпөй УКМК прокуратура кызматкерлерин пара опузалоого шектеп кармаган. Шектүү катары кармалгандар шаардык прокурордун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу жана шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеев экени белгилүү болгон. Алар «Тазалыктагы» иш боюнча мекеменин мурдагы жетекчиси Рамиз Алиевден 5 миң доллар опузалаганы айтылган.

Аталган окуя боюнча Алиев өзү да үн катып, ал «Тазалыкты» жетектеп турганда, күйүүчү май боюнча мыйзам бузуулар болбогонун айткан.

Exit mobile version