Site icon Reporter.kg

Рамзан Кадыров өзүнө 6 жаштагы жансакчы алды

Чеченистандын президенти Рамзан Кадыров өзүнө 6 жаштагы Магомеда-Эми Газиев аттуу баланы күзөт кызматына алды. Бул тууралуу Кадыров өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Анда Кадыровдун айтуусунда, Магомеда-Эми Газиевдин ата-энеси баланын кыялы тууралуу видеону тартып, интернетке жүктөгөн. Магомеда-Эминин кыялы чечен лидерин кайтаруу болгонун айткан.

«Бүгүнтөн баштап мен эч нерседен коркпой эле койсом болот. Анткени мени кайтара турган кесипкөй жансакчым пайда болду. Мындай жансакчы дүйнөдө жок. Ал мени бардык нерседен коргойт», — деп жазган.

 

Exit mobile version