Рамзан Кадыров карантинде үйлөнө турган жигиттерге 50 миң рублдан берерин убадалады

Рамзан Кадыров карантинде үйлөнө турган жигиттерге 50 миң рублдан берерин убадалады

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров үйлөнө турган 207 жигитке калың төлөөгө жардам берерин айткан. Бул тууралуу Чеченстандын Дин башкармалыгы 7-июнда инстаграм баракчасында жазган. 

Рамзан Кадыров жигиттерге 50 миң рублдан атасы Ахмат Кадыров атындагы фонддон бөлүп берет.

«Жардам коронавирус пандемиясынан улам каражаттан кыйынчылык тартып, бирок үйлөнүүнү көздөп жаткан жигиттерге берилет. Пандемияга байланыштуу аталган өлкөдө той өткөрүү эрежелери дагы өзгөргөн. Муфтият 25-майга чейин тойлорду чоң шаң-шөөкөт менен өткөрүүгө тыюу салган. Тойго эки жаштын жакындары гана катыша алат», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>