Site icon Reporter.kg

Равшан Жээнбеков УКМКдан сурактан чыкты

Саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

“Сурактан чыктым. Бир нече суроо берип кайра кое беришти”, – деп жазган ал.

Белгилей кестек Равшан Жээнбеков шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан. Ошол эле күнү мурадгы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адам дагы абактан чыгарылган.

10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип  өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кармалган.

Башкы прокуратура 10-октябрь күнү билдирүү таратып, абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылды.

Exit mobile version