Site icon Reporter.kg

Равшан Жээнбековдун Таластагы эс алуу жайы мамлекетке өттү

Саясый оппозиционер Равшан Жээнбековдун Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Эс алуу жайы жайгашкан жер тилкеси 16 млн 871 миң сомду түзөт.

Атайын кызматтын маалыматында, Равшан Жээнбеков 2000-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун жетектеп турган кезде жер тилкеси саясатчы менен байланышкан жактарга мыйзамсыз берилген.

Равшан Жээнбеков өзү учурда «Кемпир-Абад иши» боюнча бийликти күч менен басып алууга аракеттенүүгө айыпталып, №1 Тергөө абагында кармалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version