Разаков Баткен облусундагы Көкташ– Аксай–Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Разаков Баткен облусундагы Көкташ– Аксай–Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы Көкташ– Аксай–Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты. Ошондой эле Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушу боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолунда курулуш иштери башталган. Жалпысынан курулуш башталганы 21 км жол курулган.

Республикалык бюджеттен 2019-жылга карата Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолундагы жол-курулуш иштерине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 120 млн сом өлчөмүндө каражаттар каралган.

Алардын ичинде:

— 50 млн сом Көкташ–Аксай жол участогунун бетине асфальт-бетон төшөө үчүн багытталган, учурда 7 км узундуктагы трассага асфальт-бетон төшөө иштери башталды;

— 70 млн сом 13,5 чакырым Аксай–Тамдык жаңы жол участогунун курулушуна багытталат, курулуш (жардыруу) иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>