Раззаковдун 110 жылдыгына карата Өзбекстанда окуучулар дил баян жазышты

Раззаковдун 110 жылдыгына карата Өзбекстанда окуучулар дил баян жазышты

Өзбекстандык окуучулар көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата дил баян жазышты.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен кабарлагандай, дил баян жазуу боюнча сынак Өзбекстандын орто мектептеринде билим алган окуучулар арасында өткөн.

Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо алкагында жарыяланган сынак бир ай убакытка созулуп, 17-ноябрда соңуна чыккан.

3-декабрь күнү Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиси Ибрагим Жунусов мыкты дилбаян жазган жеңүүчүлөргө дипломдорду жана сыйлыктарды тапшырган.

Элчи Ибрагим Жунусов  Исхак Раззаковдун баскан жолуна кыскача токтолуп, анын Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын, Өзбекстанда согушка чейинки жана согуш жылдарындагы жигердүү эмгектерин эскерип өткөн.
[su_image_carousel source=»media: 50685,50686,50687,50688″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>