Site icon Reporter.kg

Реабилитациялык борборлордо тамактын чыгымы 100% жогорулайт

Министрлер кабинетинин жыйынында беш реабилитациялык борбордогу балдар жана өспүрүмдөрдүн тамак-ашына кеткен чыгымды 100%га көбөйтүү бекитилди. Бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча 11 миллион 781 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Чүй облустук “Максат” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунда, Жалал-Абад облустар аралык “Бакыт” реабилитациялык борборунда, Базар-Коргон райондор аралык реабилитациялык борбордо, “Родничок” балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борборунда тамак-ашка чыгашалар жогорулатылат.

Учурда аларда тамактануунун акчалай ченемдери 110 сомду түзөт.

«Бул чечим ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана нейропсихиатриялык оорулары бар балдардын тамактануусунун сапатын жакшыртууга багытталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Exit mobile version