Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте Ала-Тоо аянтында жемкорлукка каршы #Rеакция 2 аталышында тынчтык митинги өтүүдө.
Аталган митингге депутат Эльвира Сурабалдиева да чыкты.
«Бакиевдердин убагында менин оокатымды талашып жатышканда, мени ошол учурда жалпыга маалымдоо каражаттары колдоп берген. Башыбызга бир иш түшкөндө журналисттерге кайрылганга кыйынбыз, эми бийликке жетип алып унчукпай отурган туура эмес. Азаттык радиосу иликтеген «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсү сотко жете турган болсо, мен сотко чейин барып колдоп берем деп сөзүмдү бергем», — дейт Сурабалдиева.