Референдумду өткөрүүгө дээрлик 40 миллион сом сарпталат  

Референдумду өткөрүүгө дээрлик 40 миллион сом сарпталат  

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга 39 миллион 946 миң сом коротуларын кабарлады. 

Аталган референдумду өткөрүүнү БШК 10-январга белгилеген.

Бул күнү президенттик шайлоо да өтөт.

Анда:

-президенттик республика;

-парламенттик республика;

-бардык варианттарга каршы деген тандоо элдик добуш берүүгө чыгарылат.   

Бүгүн, 15-декабрда президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого 18 талапкер катышууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>