Site icon Reporter.kg

Рейтингдик мелдеш: Акжол Махмудов биринчи атаандашын жеңди (видео)

GR 77kg Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Болгариянын София шаарында өтүп турган Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешиндеги биринчи беттешин жеңиш менен баштады.

Ал бүгүн, 4-мартта, мелдештин үчүнчү күнүндө килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык баскычтан баштады. Анын биринчи атаандашы норвегиялык Жоан Аак болуп, Махмудов аны 6:1 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, бул мелдешке Жоламан Шаршенбеков (60 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) да катышууда. Мелдешти бул жерден түз эфирде көрүүгө болот.

Махмудов, Шаршенбеков күрөшөт: Рейтингдик мелдештен түз эфир

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version