Site icon Reporter.kg

Рейтингдик мелдеш: Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Болгариянын София шаарында өтүп турган Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинин чейрек финалына чыкты.

Ал бүгүн, 4-мартта килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык раунддан баштады. Биринчи кармашында ал болгариялык Н. Петров менен күрөшүп, аны бир мүнөткө жеткирбей 9:0 эсебинде жеңип алды. Эми Шаршенбеков чейрек финалда күрөшөт.

Эскерте кетсек, бул мелдешке Акжол Махмудов (77 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) да катышууда. Махмудов да биринчи беттешин жеңиш менен баштады.

Рейтингдик мелдеш: Акжол Махмудов биринчи атаандашын жеңди (видео)

 

Exit mobile version