Site icon Reporter.kg

Reporet.kg окурмандарын жаңы жылы менен куттуктайт!

Урматтуу Reporet.kg маалымат агенттигинин окурмандары!

Сиздерди кирип келген жаңы жылыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жаңы жыл ийгиликтин, молчулуктун, токчулуктун жылы болсун!

Ошентип, бир жылды чогуу карыттык. Өткөн жылы Олимп оюндарындагы спортчуларыбыздын ийгилигине чогуу кубанып, Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, шайлоолорду өткөрдүк. Кыскасы, саясий окуяларга бай болду. Жетишкендиктер да, кемчиликтер да болду.

Кирип келген жаңы жылда Кыргызстаныбызда  жалаң гана жакшы жаңылыктар  болсун. Ар күнү ийгилик, өнүгүп-өсүүлөрдү кубануу менен жаңылык катары жазып, Сиздерге тартуулап турган жыл болсун!  Кайсы гана тармак болбосун жетишкендиктер көп болуп, аны чагылдырууга үлгүрбөй турган жыл болсун!

Деги эле Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүндө алдыңкы өлкөнүн катарына кирди деген кабарды жазып калган жыл болсун!

Редакция жамааты сиздерге ден-соолук, ийгилик, жакшылык жана тынчтык каалайт! Ар бир үй-бүлөдө бакыт болуп,  ар бириңиздердин ууртуңузда күлкү, жүрөгүңүздөрдө сүйүү жашасын!

Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Exit mobile version