Reporter.kg`нин редактору Сталбек Абдижалил уулу басма сөз күнүнө карата ИИМдин медалы менен сыйланды

Reporter.kg`нин редактору Сталбек Абдижалил уулу басма сөз күнүнө карата ИИМдин медалы менен сыйланды

7-ноябрь ― Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн чагылдырууга салым кошкондугу үчүн өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери сыйланды.

Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурлуган сыйлык тапшыруу иш-чарасына өлкөдөгү бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылып, аларга медаль, энчилүү саат, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Алардын арасында Reporter.kg маалымат агенттигинин редактору Сталбек Абдижалил уулу “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.

 

Белгилей кестек, 1924-жылы 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыга баштаган. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>