Site icon Reporter.kg

Республикалык айтыштын баш байгесин Идирис Айтбаев жеңди

Тоголок Молдонун 160 жана “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган айтыштын баш байгесин Идирис Айтбаев жеңип алды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, айтыштын финалдык бөлүгү 28-мартта өтүп, анда 12 акын күч сынашкан.

Айтыштын жыйынтыгы менен баш байгени Идирис Айтбаев, 1-орунду Баян Акматов, 2-орунду Акматбек Султан уулу жана 3-орунду Тынчтык Эсенбай уулу жеңди.

Белгилей кетсек, тандоо туру 26-март күнү өтүп, ага 42 акын катышкан. Натыйжада 12си финалдык бөлүккө жолдомо алышкан.

 

Exit mobile version