Республикалык штаб: Өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок

Республикалык штаб: Өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок

Республикалык штаб өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

«Мамлекеттик кызматкерлердин арасында вирус жуктургандар көп болгондуктан, аралыктан иштөө сунушталды. Андан сырткары, шаар башчылары менен жергиликтүү бийликке коомдук жайларда, базарларда, соода борборлорунда санитардык талаптарга көзөмөлдү жана элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди”, — деди Каратаев.

Кыргызстанда соңку учурларда коронавирус күн сайын 200дөн ашык адамдын анализинен табылууда. Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө 4 миң 204 адам коронавируска чалдыкты.  Алардын  ичинен 2 миң 162 адам илдеттен айыкса, 43 бейтап кайтыш болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>