Site icon Reporter.kg

«Республиканын» үгүтчүсүнүн сабалышы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

«Республика» партиясынын үгүттөчүсүн сабалышы боюнча Нарын райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү башташты. Бул тууралуу аталган облусттук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө бүгүн, 23-сентябрда саат 12:00 чамасында 1995-жылы туулган Алтынбек Асеков кайрылган.

«Ал 22-сентябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Нарын районунун Алыш айылынан Максат аттуу жигит менен анын тааныштары сабап кеткендигин билдирген. Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө Алтынбек менен Максат тойдо конокто болушкан жана болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында экөөнүн ортосунда мас абалында чыр чыгып, уруша кетишкен. Жарым саат өткөндөн кийин Максат өзүнүн достору менен келип, мушташып кетишип, Алтынбек Асеков ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Алтынбек Асеков «Республика» партиясынын үгүттөчүсү болот. Ал эми Максат аттуу жигит «Мекеним Кыргызстан» партиясыныкы, бирок мурда экөө тең «Республика» партиясына иштеп келишкен», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version