Ресторанга ат жетелеп кирген көрүнүш интернетте талкууга түштү — видео

Ресторанга ат жетелеп кирген көрүнүш интернетте талкууга түштү — видео

Той өтүп жаткан ресторанга ат жетелеп кирген көрүнүш интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга түштү. 

Инстаграмдагы баракчалардын бирине жарыяланган видеодо, ресторанга атты жетелеп киришкенде ал кафельден тайгаланып жыгылып араң турганын көрүүгө болот. Бактыга жараша атты жетелеп бараткан адам тизгинди колдон чыгарбай атты бекем кармап, аргымактын ресторандын ичин аралай чуркашына жол берген эмес.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Обу жок адамдар көбөйдү!?

Публикация от САМОЕ ЛУЧШЕЕ ИЗ СЕТИ (@nvideo.kg)

Бул көрүнүш интернет колдонуучулар арасында түрдүү пикирлерди жаратып, көпчүлүгү муну чектен чыккандык катары сыпатташууда.

Тасмадагы адамдардын ундөрүнө караганда, видео Казакстанда тартылган болушу мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>