Site icon Reporter.kg

Ретро «Волга» айдаган Роберт: Унаа өзгөчө пландар үчүн жасалды (маек)

Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын кызматкери Роберт Жанышов чоң атасы Султан Жетешыков өз колу менен чогулткан «Волга ГАЗ-21» ретро унаасын активдүү колдонот. Роберт Жанышов 20 жашта.

ЖАКтын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин күжүрмөн кызматынын коопсуздугун камсыздоо взодунда кызмат өтөйт. Ыкчам иликтөө постунун начальнигинин жардамчысы болуп эмгектенет. Ал көпчүлүк адамдарды кызыктырган ретро унаасы тууралуу айтып берди.

— Унааңыз тууралуу эмне айта аласыз?

— Бул 1959-жылы чыккан. Чоң атам “Волганы” нөлдөн баштап өзү чеберчилик менен чогулткан. Өзүнүн алтын тоюна жана келечекте неберелерине арнап жасаган.

— Чоң атаңыз унааны кантип чогултканын айтып берди беле?

— Ооба. Көптөн бери чогултуп жүрдү. Көп убакытысын, нервин жана күчүн жумшады. Мен билгенден унааны 3 жыл бою жасады. Анча убактка созулганынын дагы бир себеби тетиктер дээрлик жок экен. Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарынан издеп, буйрутма берип топтоду. Мунун баары сиз көрүп тургандай, текке кеткен жок.

– Чоң атаңыздын бул көптөн күткөн долбоорун бүтүргөндөгү алгачкы эмоциялары эсиңиздеби?

— Албетте, ал күн биздин бүт үй-бүлөбүз үчүн жагымдуу болду. Анын өзүнүн эмгегинин жана шыктануусунун натыйжасын көрүп, сыймыктанып жатканын байкадык. Чынын айтсам эмоциялар абдан сонун болду! Чоң апам менен чоң атам абдан сүйүнүп, биздин үй-бүлөбүз алар менен сыймыктандык.

— Шаардыктар жолдо бараткан унааңызды көргөндө кандай кабыл алышат?

— Бишкектиктердин реакциясы позитивдүү, көбүнчө улгайган адамдар кусалык менен карашат, жаштыгын эстеп, ушундай “Волганы” каалаганын, ал жөнүндө кыялданганын айтышат! Ал эми жаштар таң калып карашат, бул кандай унаа деп көп сурашат.

— Ушундай сейрек кездешүүчү унаа менен сүрөткө түшүп алалы деп келип, суранган учурлар болду беле?

— Күн сайын болот. Көчөгө чыкканда мындай өтүнүчтөр көнүмүш болуп калды (күлүп). Алар тасмага, сүрөткө тартышат жана көбүнчө бул сейрек кездешүүчү унаага тиешелүү бардык нерселерге кызыгышат.

— Ретро унаа менен автошоуга же башка иш-чараларга катышккансыңарбы?

— Азырынча катыша элекпиз. Чоң атамдын алтын тоюнда конокторду жана досторду салдык. Анан инимдин мектепти бүтүрүү кечесине алып бардык.

— Мындай сейрек кездешүүчү унаанын ээси болуунун кыйынчылыктары барбы?

— Ооба, жаңы унаалардан айырмаланып, мында электр аксессуарларынын жана автоматтык өткөргүчтөрдүн жетишсиздиги болушу мүмкүн. Бирок мага баары жагат. Мен айдоодон абдан ырахат алам.

— Сатуу сунушу түшкөнбү?

— Азырынча мындай боло элек, бирок бизге “Lexus LX470” жана “Toyota Camry” унаалары менен алмаштырууну сунушташты. Бирок биз баш тарттык.

— Сиз бул унааны канчага баалайсыз?

— Баш аягы баардык тетиктерге эле 8000 доллар кетти. Ар кыл адистерге көрсөтүү жана башка нерселери менен кошо 12-13 миң долларга жакын каражат кетти. Бирок ал биздин үй-бүлө үчүн чоң мааниге ээ жана мен аны баа жеткис деп ойлойм!

— Демек, сатуу тууралуу оюңуз жок экен да?

— Ооба, сатуу тууралуу эч кандай ойлор болгон эмес, анын үстүнө чоң атамдын бул унаа боюнча абдан чоң пландары бар. Бул унаа менен неберелери, алтургай чөбөрөлөрү да үйлөнүү тоюн өткөрсө деп кыялданат!

Сүрөт Роберт Бакытбековичтин жеке архивинен
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version