Site icon Reporter.kg

Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Түркиянын президент Режеп Тайып Эрдоган 5-6-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” тобунун жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, Эрдогандын сапары учурунда эки өлкөнүн министрлери кыргызстандык бейтаптардын Түркияда дарылануусу, квота маселеси камтылган документке кол коет.

Кыргыз-түрк достугу ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды

 

Exit mobile version