Site icon Reporter.kg

Рита Карасартова 12-майга чейин камакка алынды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасын карап, аны 12-майга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.

Эске салсак, 14-апрелде Рита Карасартованын үйүндө укук коргоочулар тинтүү жүргүзүп, андан кийин аны суракка алып кетишкен. Ошол эле күнү укук коргоочуну «массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси боюнча 48 саатка камашканы белгилүү болгон.

Exit mobile version