Site icon Reporter.kg

Роналду улуттук курам үчүн жүз гол киргизген эки оюнчунун бири болду

Криштиану Роналду футбол тарыхында улуттук курам үчүн жүз гол киргизген эки оюнчунун бири болду. 

Португалиялык футбол жылдызы 100 голдук белгини кечээ, 8-сентябрдагы  Улуттар лигасынын алкагындагы Швеция – Португалия беттешинде багындырды.  Анда ал каршылаштарынын дарбазасына кош гол киргизип, Португалия үчүн киргизген голдорунун санын 101ге жеткирди. 

Отуз бештеги Криштиану Роналду үчүн бул Португалиянын курамындагы  165-оюну. 

Азыр улуттук курамдар үчүн Роналдудан көп гол киргизген бир эле оюнчу бар.  Ал футболдук карьерасын жыйынтыктаган ирандык Али Даеи, анын эсебинде 109 гол бар. 

Футболдук эксперттер Роналду футбол тарыхындагы улуттук курам үчүн эң көп гол киргизген оюнчу болуу мүмкүнчүлгү бар экенин айтышууда.  Буга негизги себеп 35 жашка чыкканына карабай өтө жогорку деңгээлдеги Роналдунун оюну. 

Exit mobile version