Site icon Reporter.kg

Россия жана Кытай элчилигинин имараттарынан бомба табылган жок

Бишкек шаарындагы Россиянын жана Кытайдын элчилигинин имараттарынан бомба табылган жок. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка караганда, 5-июнда саат 10:45те 102 кызматына эки элчиликтин аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу, сапёр жана кинологдор барган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында эки элчиликтин имаратынан кандайдыр бир жарылуучу зат табылган эмес. Аталган факт каттоого алынган.

Милиция кенен маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалды.

Exit mobile version