Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы “Маткасым” компаниясына эмерек чыгаруу үчүн 1,5 млн доллар бөлдү.
Фонд аталган компаниянын экинчи долбоорун каржылап жатат. Ишкана бул каражатка жогорку технологиялык жабдууларды орнотуп, дүңүнөн сатыла турган беш багыттагы эмерек жасай турганы белгиленди.
«Маткасымов» ЖЧКсы ТВ аксессуарларын, металл конструкцияларды, үй буюмдарын жана түрдүү эмерек чыгарат. Компания ийгиликтүү иштеп, импорттун 30%ын алмаштырып, продукциясынын 28%ын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттойт.