Site icon Reporter.kg

Россия Кыргызстанда 9 мектеп курат — даректери

Россия Кыргызстанда 9 мектеп курат. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусунун долбоору тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат берди.

Анын айтымында, келишимдин долбоору Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин буга чейин жетишилген макулдашуусуна ылайык даярдалган.

«Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө эки үлгүдөгү Кыргызстандын жана Россиянын күбөлүктөрү берилет», — деди ал.

Жалпы 9 мектеп салынып, ар бири 1 миң 224 орунга чейин ылайыкталат. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Мектептерди курууга төмөнкү жерлер сунушталган:

Суроо-жооптон кийин комитет макулдашуунун долбоорун биринчи окууда жактырып берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version