Site icon Reporter.kg

Россия Кыргызстанга 5,2 млн доллар бөлдү. Ал каражаттар эмнеге жумшалары айтылды

Россия Кыргызстандын Ички иштер министрлигине баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн 5,2 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы Элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Россия бөлгөн бул акча кайтарымсыз негизде берилет. ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын материалдык техникалык базасын чыңдөө үчүн бул каражат 2021-2022-жылдар аралыгында бөлүнөт.

Exit mobile version