Site icon Reporter.kg

Россия: Мобилизация болгондор арасында арыздангандар көбөйдү

Украинадагы согушка мобилизацияланган 500гө жакын орус аскери видеокайрылуу жасап, Орусиянын аймагында даярдыктан өтүп жаткан жердеги шарттар өтө начар экенине даттанышты.

Видео социалдык түйүндөргө 5-октябрь күнү кечинде жарыяланды. Анда куралчан аскер кызматкерлери Белгород шаарына жакын жерге поезд менен жеткирилгенин айтышкан. Мындан тышкары алар эч бир аскер бөлүгүнө бөлүштүрүлбөгөнүн, алардын кимиси кайсы жерге барарын билбестигин, тамак-ашты өздөрү сатып алып, бул үчүн көп каражат коротконун билдиришкен.

Видео качан жана кайсыл жерде тартылганы азырынча так аныктала элек. «Свобода» радиосунун журналисти Марк Крутов видеодогу аскер кызматкерлеринин бири буга чейин да мобилизациялангандар үчүн түзүлгөн шарттарга даттанып видеокайрылуу жасаганын байкаган. Журналисттин айтымында, акыркы видеону Сергей Сурков аттуу Москванын тургуну тарткан. Ал да бир жума мурда армиянын көйгөйлөрү тууралуу видеокайрылуу жасаган.

Президент Владимир Путин жарыялаган мобилизациянын алкагында аскерге чакырылган запастагы орус аскерлери шарттардын начардыгына жана согуштук аракеттер үчүн керектүү болгон жарак-жабдыктын жоктугуна даттанган учурлар көбөйүүдө.

Мобилизациялангандардын көбү керебетсиз жерде уктап, жетиштүү тамактанбай, медициналык кароодон өтпөй жатканы белгилүү. Мындай учурлар Омск, Волгоград, Киров, Свердловск жана Сахалин облустарында, Чувашияда жана Подмосковьеде катталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version