Бүгүнкү күнү Россиянын окуу жайларында 8 миңден ашык кыргызстандык студент билим алат. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Чолпон-Атада болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, Россиянын окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин 5 миңи бюджеттик негизде окуйт.
Ошондой эле Кыргызстандын өтүнүчү боюнча быйыл бюджеттик орундар 500гө көбөйтүлөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда