Site icon Reporter.kg

Россияда эки кыргызстандыкты унаа сүзүп кетип, бири көз жумду

Россиянын Ленинград облусунун Бугры шаарында эки кыргызстандыкты унаа сүзүп кетип, бири каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Миниртрликтин маалыматы боюнча, жол кырсык 2-августта саат 21:00дор чамасында болгон. «Субару Форестер» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жөө өтмөктөн өтүп бараткан Кыргызстандын эки жаранын сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын айынан А.С. аттуу жаран көз жумган. Экинчи кыргызстандык Б.З. ооруканага жаткырылган.

Аталган факт боюнча полиция тарабынан кылмыш иши козголгон.

«Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары менен байланышта болуп, аларга керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө», — деп билдирет ТИМ.

Россиялык ММКлар жазгандай, каза болгон жана жабыркаган кыргызстандык 23 жашта болгон. Ал эми аларды сүзгөн айдоочу 67 жашта. Ал кант диабети менен жабыркайт. Айдоочунун айтымында, ал рулда баратканда канты түшүп кетип, эсин жоготуп койгон.

Соңку бир жылдын ичинде аталган айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаганы үчүн 6 жолу жаза алган.

 

Exit mobile version