Site icon Reporter.kg

Россияда киши өлтүрүп кармалган кыргызстандык 16 жыл мурда өз энесин өлтүргөнү аныкталды

Россияда 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталып, соттолгон кыргызстандык жаран 2008-жылы өз энесин өлтүргөн адам болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Россияда жасалган кылмыш

2022-жылы ноябрда Санкт-Петербургда 27 жаштагы Юлиана өз үйүндө киши колдуу болуп табылган. Юлиана өзүнүн батиринде оңдоо иштерин жүргүзүп, 41 жаштагы (1981-жылы туулган) кыргызстандык Алмазды жалдаган. Бир күнү түнгө жуук ал оңдоо иштери кандай жүрүп жатканын текшерүү үчүн батирине барган. Андан кийин ал байланышка чыкпай калгандыктан Юлиананы тааныштары издей баштаган. Полиция Юлиананын үйүнө барып, анын киши колдуу болгон сөөгүн тапкан.

Бул кылмышка Кыргызстандын 41 жаштагы жараны Алмаз шектелип издөөгө алынып, көп өтпөй колго түшкөн. Ал кылмышты мойнуна алып, Юлианага анын жасаган жумушу жакпай калгандыктан урушуп кеткенин айткан. Ал кызды жыгач балка менен башка бир нече жолу уруп, андан кийин провод менен муунтуп өлтүргөнү, сөөктү желим баштык менен ороп, батирдеги курулуш таштандылары салынган каптардын жанына коюп койгону кабарланган.

Кара-Балтадагы кылмыш

 

2008-жылы августта Кара-Балтада бычакталып өлтүрүлгөн 46 жаштагы (1962-жылы туулган) аялдын сөөгү табылган. Бул кылмышка анын 23 жаштагы (1985-жылы туулган) уулу Бакыт шектелип, издөөгө алынган.

Ошол учурда ММКлар жазгандай, Бакыт кумар оюндарына кызыгып, берилип кеткен адам болгон. Ал окуя күнү мас болуп, апасынан акча талап кылган. Акча бербей койгондо, Бакыт апасына кол көтөрүп, сабаган. Аны менен токтоп калбай, апасына бычак сайып өлтүргөн. Андан кийин маркум апасынын зер буюмдарын чечип алып кеткен.

Бул каргашалуу окуядан кийин Бакыт издөөгө алынып, бирок ал табылбай келген. Ал чет жакка качып кеткендиктен, анын каякта экенин билүүгө мүмкүн болгон эмес.

16 жылдан кийин ачылган кылмыш

Арадан 16 жыл өткөндөн кийин 2024-жылдын аягында гана милиция илинчек таап, Бакыт атын өзгөртүп, жаңы паспорт алып алганын аныктаган.

ИИМдин маалыматы боюнча, Бакыт 2012-жылы Таластын райондорунун биринин паспорт каттоо кызматынан (азыркы «Кызмат» мекемеси) 1981-жылы туулган Алмаз И. аттуу жарандын атына паспорт алган. Паспорт каттоо кызматынын кызматкерлери башка бир аялга таандык болгон, 1994-жылкы үлгүдөгү мурда жок кылынган эски паспорттун негизинде Бакытка жаңы паспорт даярдап, анын сүрөтүн чаптап берген. Бул факт боюнча «документ жасалмалоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Таластагы паспорт кызматында мурда-кийин иштеген кызматкерлер суракка алынуда.

Бакыт 2022-жылы Кыргызстанга келип, 10 жыл мурда алган паспортунун мөөнөтү эскиргендиктен жаңысың алып кеткени аныкталган.

Ошондой эле Бакыт (Алмаз) 2022-жылы Россияда 27 жаштагы кызды өлтүргөнү үчүн соттолуп, абакта отурганы белгилүү болгон.

Exit mobile version