Site icon Reporter.kg

Россияда кыргыз жарандары аскерге чакырылуудабы? Жооп

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактарда Россияда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде убактылуу иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу тууралуу маалыматтар тарап жатканына байланыштуу билдирүү жасады.

Элчилик социалдык тармактарда тарап жаткан «Россиянын ИИМнин буйругу» жазылган документ делген бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет.

«Буга байланыштуу элчилик кыргызстандыктардан такталбаган маалыматтарды ишенбөөсүн жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоосун өтүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармактарда тараган документ:

Эскерте кетсек, 21-сентябрда Владимир Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация болорун жарыялаган. Бул өнөктүктүн алкагында запастагы 300 миң киши чакырылары айтылган. Ошол эле учурда айрым басылмалар өздүк булагына таянып, аскерге чакырыла тургандардын саны 1 млн кишини түзүшү мүмкүн экенин жазган.

20-сентябрда Мамлекеттик дума Россиянын Куралдуу күчтөрүндө бир жылдан кем эмес кызмат өтөгөн чет элдиктерге Россиянын жарандыгын женилдетилген тартипте берүүнү караштырган мыйзамды кабыл алган. Ага байланыштуу Москванын мэри Сергей Собянин «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттардын Россиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, аскерге барышы үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн билдирген.

Россияда кабыл алынган мыйзамга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги билдирүү жасап, Кыргызстандын жарандарын кайсы бир согушка катышпоону, ал үчүн катуу жаза каралганын эскерткен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version