Site icon Reporter.kg

Видео: Россияда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташты

Драка

Россиянын Иркутск облусунун Ковыктинский газ конденсат кенинде Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынан ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу россиялык Shot Telegram каналы жазды.

Маалыматка караганда, окуя 23-июнда кечинде болгон. Мушташка 300 адам катышкан.

Уруш түшкү тамактануу учурунда, бир адам кезекке турбай, тамакка кезексиз өтүүгө аракет кылгандан улам чыккан.

Мушташтын айынан 9 адам жабыркаган:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version