Site icon Reporter.kg

Россияда кыргызстандык жүргүнчүгө бурагыч менен кол салган деп кармалды

Россияда такси айдап иштеген Кыргызстандын жараны жүргүнчүгө бурагыч (отвертка) менен кол салып, жаракат келтирген деп кармалды. Бул тууралуу Москва облусу боюнча Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, окуя 24-октябрда Москва облусунун Химки шаарында болгон. Кыргызстандык жаран жүргүнчүнү бурагыч менен кеминде 4 жолу сайган. Жаракат алган адам ооруканага түшкөн.

Чыр жүргүнчү жол кирени төлөөдөн баш тартканынан улам болгон. Жүргүнчүнүн айтымында, айдоочу жол кирени тиркемеде көрсөтүлгөндөн эки эсе көп сураган.

Шектүү камакка алынган.

Бул факт боюнча Тергөө комитетинин Химки шаарындагы тергөө бөлүмү «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми ИИМ органдары тарабынан «адамдын ден соолугуна оор залал келтирүү» беренеси менен иш ачылган. Бул ишти тергөө Химкинин тергөө бөлүмүнө тапшырылышы мүмкүн.

Exit mobile version