Site icon Reporter.kg

Россиянын ИИМи орусчаны начар билген мигранттарга айып пул салууну сунуштоодо

Россиянын ИИМи орус тилин начар билген мигранттарга айып салууну сунуштоодо. Бул тууралуу ИИМдин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдиргенин «Интерфакс» басылмасы жазды.

Маалым болгондой, министрлик «тил рейтингин» түзүп, тил билгенине жараша мигранттарга жеңилдик берүүнү же айып пул салууну пландап жатат.

Маселен, орус тилин, Россиянын тарыхын жана мыйзамдарын билгендерге жеке жактардын кирешелери үчүн салыкка жеңилдик коэффициенти каралган: базалык деңгээл – 10%, орточо – 15%, жогорку деңгээл – 20% жана орусчаны эне тилиндей сүйлөгөндөргө 50%.

Ошол эле учурда, «тил рейтингине» ылайык, мигрант орусчаны начар билсе, ай сайын «адаптациялык төлөм», башкача айтканда айып пул төлөшү керек болот. Айып пулдун өлчөмү адаптациялык мезгил бүткөндөн кийин көбөйүшү мүмкүн (Мисалы, идентификациялык картаны алгандан кийин бир жыл өткөн соң).

Бул демилге менен алар мигранттарды орус тилин үйрөнүүгө «шыктандырууну» көздөөдө.

Мигрант майда административдик мыйзам бузуу жасаса, «тил рейтинги» жана жеңилдик берүү жокко чыгарылат. Аны калыбына келтирүү үчүн коомдук иштерди аткарууга туура келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version