Site icon Reporter.kg

Россия: Элчилик кыргызстандыктарга согушка катышпоону эскертти

Кыргызстандын элчилиги Мамлекеттик думанын Россиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк атуулдарга жарандыкты жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзамдын кабыл алганына байланыштуу билдирүү жасады.

Элчилик Россияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктарга кайрылып, чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжал же согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандык жарандарга мыйзамга боюнча эркиндиктен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.

«Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик Кыргызстандын жарандарына кайсы бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылуусун өтүнөт.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-сентябрда Мамлекеттик дума Россиянын Куралдуу күчтөрүндө бир жылдан кем эмес кызмат өтөгөн чет элдиктерге Россиянын жарандыгын женилдетилген тартипте берүүнү караштырган мыйзамды кабыл алган.

Бүгүн, 21-сентябрда Владимир Путин россиялыктарга кайрылуу жолдоп, өлкөдө жарым-жартылай мобилизация болорун билдирди. Коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, мобилизациянын алкагында 300 миң киши чакырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version