Росиянын Ульяновск обулсунда Кыргызстандын 14 жараны каза болгон жол кырсыгына эмне себеп болгону айтылды.
Облус башчысы Алексей Русскихтин айтымында, алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын жарандары бара жаткан кичи автобусту сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөгү кармап калган.
«Айрым маалыматтар боюнча, фуранын айдоочусу башка унааны сүзөр алдында жүрөгү кармап калган», — деди ал.
Анын ою боюнча, жол кырсыгы учурунда айдоочу тирүү эмес болгон болушу ыктымал.
Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгы болуп, анда 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага жаткырылган. Ага байланыштуу Кыргызстанда 23-август аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда