Site icon Reporter.kg

Россиядагы мигранттар 9 айда 38 пайызга аз акча которушту

Быйыл тогуз айда Кыргызстанга которулган акчанын суммасы 1 миллиард 437 миллион долларды түздү. Бул 2022-жылдын 9 айынан (2 211,6 миллион доллар) 774 млн долларга (же 35%) аз. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Өлкөгө которулган акчалардын 90,8% Орусиядан келген, ал 1304,7 млн ​​долларды түзөт. Бул 2022-жылдын январь-сентябрына караганда 38% аз. Андан кийин АКШ (34,9 млн доллар) турат.

Быйыл тогуз айда Кыргызстандан чыккан акчанын көлөмү дагы төмөндөп, 2022-жылга салыштырмалуу  53,8%га азайып, 360,1 млн долларды түзгөн. Алардын 81,9% Орусияга (294,8 млн доллар), дагы 15,5% (55,8 млн доллар) Түркияга кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version