Site icon Reporter.kg

Россияга киргендер үчүн RuID системасы ишке кирет. Эмнени билүү керек?

Кыргызстандын Россиядагы  элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россияга барар алдында маалыматты RuID мобилдик тиркемеси аркылуу толтуруу ыктыярдуу экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, RuIDде маалыматтарды алдын ала толтуруу SIM картаны, SNILSти жана келгенден кийин башка документтерди алуу процессин жеңилдетет. Бирок чек арадан өтүүдө чет элдик жарандын “кара тизмеде” же көзөмөлгө алынган адамдардын реестринде бар-жогу текшерилерин эске алуу зарыл.

”Эгерде жаран бул тизмелердин биринде болсо, арыз RuID аркылуу берилгенине карабастан, Россияга кирүүгө тыюу салынат”,-деген элчи.

Exit mobile version