Site icon Reporter.kg

Россиялык саякатчыны Оштун ашпозчусу таң калтырды — видео

Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин баяндап жүргөн россиялык блогер Лариса Булина Ош шаарындагы кафелердин биринде ашпозчунун “паста” тамагын сунуштаганына абдан суктанды. Бул тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды.

Саякатчы пастаны ушундай өңүттө кардарга сунушталганын биринчи жолу көрүп жатканын айтып, абдан даамдуу экендигин белгиледи.

Лариса Булина блогунда Кыргызстандын кооз жерлерин баяндап, өлкөнүн табиятына ашык болгонун айтып келет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version