Site icon Reporter.kg

Депутат Шарапов: «Орусиянын бизге болгон мамилеси адекваттуу болбой жатат»

25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов газ менен күйүүчү майдын баасынын кымбатташына эмне себеп болуп жатканына кызыгып, газды доллар менен эмес, рубль менен сатып алыш керек деди.

“Саат сайын күйүүчү, майлоочу майлардын баасы өсүүдө. Акыркы 20 күндүн ичинде майдын баасы 10 сомго чейин кымбаттады. Доллар көтөрүлгөнгө салыштырат, бирок доллар деле анча кымбаттаган жок. Бишкекте эле ушунча кымбаттады, аймактарда мындан дагы кымбат.

Биз Орусия менен көп маселени орус тилинде жүргүзөбүз. Бүт маселени орусча-кыргызча жүргүзөбүз, акча маселесине келгенде эмнеге долларга такашыбыз керек. Ошондуктан мен ойлойм, күйүүчү майларды да рубль менен келишим түзсүн, сом менен айырмасы деле анча чоң эмес”, — деди эл өкүлү.

Анын айтымында, тамак-аштын баасынын кымбаттоосу газга байланыштуу жана Кыргызстанда газдын баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кымбат болуп жатат.

“Орусиянын бизге болгон мамилеси адекваттуу болбой жатат. Газдын баасы биздин коңшу мамлекеттерге караганда Кыргызстанда өтө жогору”, — дейт Шарапов.

Exit mobile version