Site icon Reporter.kg

Роза Отунбаева Атамбаев боюнча: Бүгүнкү күндө эл туруктуулукту талап кылат

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин айланасында болуп жаткан абал боюнча билдирүү таратты. Отунбаева Атамбаевдин иши мыйзамдуу иликтениши керектигин белгиледи.

Ал Кой-Таштагы болуп жаткан окуялар тууралуу да сын айтты.

«Парламент Атамбаевдин кол тийбестигин алууну дагы да күчүндө экенин айтышты. Ал эми Атамбаев аларга тарынуу менен күнөөлөп жатат. Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышынын өз тарыхы бар. Тергөө үчүн үйүнө келишсе, Атамбаев куралдуу күч көрсөтө турганын айтып жатат. Ал мындай кадамын оппозициялык ишмердик катары жана эрдик деп кабыл алууда. Ал бул кадамдары менен алсыздыгын көрсөтүүдө», — деди Отунбаева.

Мындан тышкары Отунбаева коом жасалма интригага ишенип, эрчиме болбошу керектигин айтты. Ошондо Атамбаев элди эки бөлө албай турганын кошумчалады.

«Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан жогору турушу керек. Бүгүнкү күндө эл туруктуулуукту талап кылат жана кимдир бирөөнүн укмуштуу окуясын колдобойт», — экенин билдирди.

 

 

 

 

 

Exit mobile version