Роза Отунбаева: Аза кайгыбызды тең бөлүшкөн замандаштарыбызга ыраазычылык

Роза Отунбаева: Аза кайгыбызды тең бөлүшкөн замандаштарыбызга ыраазычылык

Салийка Даниярованын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшкөнү үчүн Отунбаевдердин үй бүлөсү элге ыраазычылык билдирди. Мындай кайрылууну “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун баракчасына жарыяланды. 

 “Биздин кымбаттуу энебиз Даниярова Салийканын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй бүлөөбүздүн дарегине, ар бирибизге көнүл айтып, аза кайгыбызды тең бөлүшкөн досторубузга, коллегаларыбызга жана жалпы эле бардык замандаштарыбызга чын дилибизден ыраазылык билдиребиз!

Отунбаевдердин үй бүлөөсүнүн атынан Роза Отунбаева”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, 28-июнда Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын апасы  Салийка Даниярова 95 жашында көз жумган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>