Site icon Reporter.kg

Роза Отунбаева БУУнун Ооганстандагы миссиясын жетектейт

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш экс-президент Роза Отунбаеваны өзүнүн Ооганстандагы атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтында айтылат.

Буга чейин аталган кызматты канадалык Дебора Лайонс аркалап келген. кызматтан быйыл июнь айында кеткен.

Роза Отунбаева Кыргызстанды 2010-2011-жылдар аралыгында жетектеген. Андан тышкары ал тышкы иштер министри, депутат, элчи кызматтарын ээлеген. Кыргыз, орус, англис жана немис тилдерин билет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version