Роза Отунбаева Джо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Роза Отунбаева Джо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Джо Байден менен Камала Харристи АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн «Твитер» баракчасына жазды.

«Урматтуу Джо Байден жана Камала Харрис! Сизди татыктуу жеңишиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз, Кыргызстан, дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле, мамилебизди жаңыдан баштоону чыдамсыздык менен күтөбүз. Дүйнө дагы Америкага суктангысы келет!» — деп айтылат Роза Отунбаеванын билдирүүсүндө.

Камала Харрис буга чейин Джо Байдендин штабы тарабынан АКШнын вице-президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн.

Кыргыз бийлиги Американын жаңы лидерине куттуктоолорун жибере элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>