Роза Отунбаева коронавирус менен күрөшүп жаткан ыктыярчыларга 155 миң сом которду

Роза Отунбаева коронавирус менен күрөшүп жаткан ыктыярчыларга 155 миң сом которду

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева ыктыярчылардын демилгеси менен ачылган “Ынтымак” стационарына 154 миң 800 сом которду. Бул тууралуу журналист Семетей Талас уулу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Ишемби күнү, эртең менен экс-президент Роза Отунбаева эжебиз чалып, «Семетей, жакшы иш кылып атасыңар, мен дагы силердин стационарга тыйын котороюн» деди эле. Бүгүн болсо, Роза Исаковна 154 800 сом Ынтымак конушунда ачылган оорукана тибиндеги стационарга которуп жибериптир. Роза эже, Сизден Алла Таалам ыраазы болсун”¸– деп жазган ал.

Өлкөдө коронавирус кескин күч алып, каза болгондордун саны көбөйгөн учурда Семетей Талас уулу, Тынчтык Алтымышев ж.б. адамдар ыктыярчы медиктердин жана кайдыгер эмес адамдардын башын бириктирип коронавирус менен ооруп жаткандарга жардам бере башташкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>