Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова дүйнөдөн кайтты

Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын апасы  Салийка Даниярова 95 жашында көз жумду болду. 

Маалыматка караганда, маркум 28-июнда дүйнө салган, сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылында жерге берилет.

Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайдан башталгыч класстардын мугалими адистигине ээ болгон.  Мугалимдик кесипти 40 жылдан ашык аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Reporter.kg  маалымат агенттиги Роза Отунбаевага терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>