Site icon Reporter.kg

RSF уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 144-орунга түштү

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму жарыялаган басма сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдын рейтингинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга түштү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 24 баскычка төмөн.

Уюмдун маалыматында, Борбордук Азияда басма сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткен. Рейтингде Казакстан 141-орунду, Өзбекстан 148-орунду, Тажикстан 153, ал эми Түркмөнстан 174-орунду ээлеген.

Басма сөз эркиндиги жогору өлкөлөргө Норвегия (1-орун), Эстония (2-орун) жана Нидерланд (3-орун) кирди.

Ал эми эң акыркы орундарды Кытай (178), Түндүк Корея (179) жана чыгыш Африкадагы Эритрея (180) өлкөсү ээледи.

 

Exit mobile version