Site icon Reporter.kg

РСК Банк: Коронавирус жуктурган кызматкерлер кардарлар менен байланышта болгон эмес

????????????????????????????????????

«РСК Банк» АКК эки кызматкердин оору жуктурган учуру боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди. 

“Бишкек шаарындагы бир кызматкер дарыланып бүтүп, азыр үйүндө. Ал ӨА жана ӨК тартиби жарыяланган учурда үйүндө аралыктан иштеп жаткан. Чаткал районундагы филиалдагы экинчи кызматкер азыркы учурда Каныш-Кыя айылындагы ооруканада дарыланып жатат. Алар жамаат менен дагы, банктын кардарлары менен дагы байланышкан эмес. Бүгүнкү күнү РСК Банктын башка кызматкерлеринде инфекция менен ооруган учур жок”, — деп билдирди “РСК Банк”.

Аталган банктын өкүлдөрүнүн маалыматында, кызматкерлер штаттык тартипте иштеп жатат жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүнү улантууда. Кызматкерлер бардык зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылынган. Бардык кеңселерде бөлмөлөрдү санитардык тазалоо күн сайын жүргүзүлөт.

Exit mobile version